Нооруз майрамына карата Караколдо 250 литр сүмөлөк даярдалат. Бул тууралуу шаардын мэриясы билдирди.
Бүгүн шаар тургундары сүмөлөктөн башка дагы улуттук тама-аштарды даярдашууда. Даярдык иштери концерттик программанын коштоосунда жүрүүдө.
«Эртең тамак-аш жарманкеси жана «Ашлянфу» фестивалы өтөт. Андан тышкары «Көчмөндөр жаңырыгы» сынагы уюштурулду. Анда бөз үй көрсөтүлөт», — деп жазылат маалыматта.