17:50
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Эмомали Рахмон тажик тилин жана маданиятын коргоого үндөдү

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон тажик тилин сыйлоо — интеллигенция өкүлдөрүнүн негизги милдети экенин билдирди.

«Биз «тажик улуту», «тажик тили», «тажик маданияты», «тажик адабияты» деген сөз айкаштарын сыймыктануу менен колдонушубуз керек. Биз энебизди жана Тажикстанды кандай сүйсөк, аларды дагы ошондой сүйүшүбүз абзел», — деди тажик президенти.

Тажикстан президенти Нооруз майрамынын алдында жыл сайын салттуу түрдө интеллигенция өкүлдөрү менен жолугушат. Дүйшөмбү күнү өткөн жыйында Рахмон улуттук биримдик жана улуттук кызыкчылыктарды коргоодо тажик интеллигенциясынын дараметин колдонуу керектигин айтты.

«Силер өз динин, элин саткан кишилерди чечкиндүү түрдө айыпташыңар керек. Алар өзүлөрүн тажик деп атоого моралдык укуктары жок», — деп белгиледи Эмомали Рахмон.

Стратегиялык иликтөөлөр борборунун директорунун орун басары Сайфулло Сафаров өлкө президенти мамлекеттик тилдин аталышы тууралуу талаш-тартышка чекит коюуну чечти деп эсептейт. «Өкмөттүн жана тилчи-окумуштуулардын позициясы өзгөргөн жок — Тажикстанда бир гана мамлекеттик тил бар, ал перс эмес, тажик тили», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар