14:39
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

«Саякбай» тасмасы Казанда Түрк тасмалар фестивалында көрсөтүлөт

«Саякбай» тасмасы Казанда Түрк тасмалар фестивалында көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кинематография департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, Түрк тасмалар эл аралык фестивалы 21-25-март күндөрү Татарстанда өтөт.

Иш-чаранын ачылыш аземи Нооруз майрамы күнү болот. Фестивалдын программасына режисер Эрнест Абдыжапаровдун «Саякбай» тасмасы дагы киргизилген. Тасма 22- мартта көрсөтүлөт.

Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин өмүрүн жана чыгармачылыгын чагылдырган «Саякбай» көркөм тасмасында 20-кылымдын Гомери аталган манасчынын бейнеси сүрөттөлөт. Аталган тасма эл аралык Монреал кинофестивалында «мыкты инновациялар үчүн» категориясында «Алтын Зенит» сыйлыгына дагы арзыган.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби