09:44
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Бүгүн Астанада Борбордук Азиянын беш президентти жолугушат

Бүгүн Астана шаарында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын кеңешмеси өтөт. Ага президент Сооронбай Жээнбеков дагы катышат.

Президенттин аппаратынын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыковдун айтымында, кеңешмеде бир топ маселелер козголот.

«Соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, экономикалык алакалар боюнча сүйлөшүүлөр жүрөт» — дейт ал.

Беш өлкөнүн лидерлеринин уюмун түзүүнү өзбек президенти Шавкат Мирзиеев сунуштаган. Ал бийликке келгенден бери эле аймактын биримдигин чыңдоо аракетин көрүүдө. Бул арада 2010-жылдагы окуядан кийин солгундаган кыргыз-өзбек мамилеси жанданды. Акыркы 7 жылдан бери жабык турган «Достук» чек ара бекети ачылып, эки өлкө чек аранын бир нече талаш аймактары боюнча тил табышты.

Тажикстан менен Өзбекстандын чегиндеги дубал урап, кызматташтык жанданды.

Белгилей кетсек, Ислам Каримовдун кезинде өзбек бийлиги Тажикстан менен Кыргызстандын ГЭС курулушуна каршы чыгып, маселени эл аралык деңгээлде көтөрүп келген. Шавкат Мирзиеев «Камбар-Ата» ГЭСин чогуу курууну сунуштады.

Айрым эксперттер Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бешилтиги аймактын ынтымагы үчүн зарыл экендигин жана анын олуттуу уюмга айлануу мүмкүнчүлүгүн белгилешүүдө. Коңшулар жылына бир жолу, аймактагы ири иш-чаралардын алдында жолугушмакчы.  

Эң көп окулган жаңылыктар