05:47
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкектин жылуулук куурларын алмаштыруу үчүн 200 миллион доллар керек

Бишкектин жылуулук куурларын алмаштыруу үчүн 200 миллион доллар керек. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында айтылды.

Жыйында өкмөт менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу долбоору боюнча насыялык жана гранттык макулдашууларды жактырды.

Келишимге ылайык, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан кыргыз тарапка жеӊилдетилген насыя катары 21,2 миллион доллар берилет. Анын ичинде 3 миллион доллар гранттык каражат болуп саналат. Ал толугу менен Бишкек жылуулук тармагынын оӊдоо иштерине жумшалмакчы.

«Бишкек жылуулук тармагы» ишканасынын карамагында узундугу 430 чакырым жылуулук куурлары бар. Азыр анын 328 чакырымы же 70 пайызы алмаштырылууга муктаж. Толук алмаштыруу үчүн 200 млн доллар көлөмүндө каражат табуу кажет. Ошондон улам, Дүйнөлүк банктык каражаты тартылууда«, — дейт баяндамачы.

Ал эми «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасынын жетекчиси Эркин Абдыкалыковдун айтымында, ордо калаадагы батирлер +18 градустан кем эмес жылуулук менен камсыз кылынууга тийиш.

«Азыр алына турган каражат жалпы чыгымдын 3 пайызын гана түзөт. Демек, дагы кошумча каражат талап кылынат. Бул багытта дагы инвестиция тартуу аракеттерин көрүп жатабыз. Алынган каражаттар толугу менен биздин тармак тарабынан төлөнүп берилет», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар