USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Ошто дин кызматкерлер 900 көчөт отургузушту

17:27, 12 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Ош облусунун Кара-Суу районунда бардык дин кызматкерлер массалык түрдө ишембиликке чыгышты. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш чарага Кара-Суу районундагы 200дөн ашуун мечиттин имамдары, диний окуу жайлардын окутуучулары, студенттер жана жергиликтүү тургундар катышышты. Ишембилик учурунда диний объекттер, көрүстөндөр, карыялар үйүнүн айланасы тазаланып, кароосуз калган үй-бүлөлөргө зыяраттар жасалып, бак-дарактарды бутоо, актап сырдоо, айланасын тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Мындан сырткары жол бойлоруна, мечиттердин жана диний окуу жайлардын айланасына жалпысы 900гө жакын алма, өрүк, терек, арча жана гилас көчөттөрү отургузулду.

Ишембилик иш чарасына бардык жерлерде активдүү катышкан жарандарга Кара-Суу районунун башкы имамы Абдирашит Батыров ыраазычылык билдирип, тазалыктын көптөгөн ибадаттарга шарт түзүүсү боюнча түшүндүрүп, мечитти тазалоо, үйлөрдү таза кармоо жана жолду тазалоонун сооптору боюнча кеңири айтып берди.
Эскерте кетсек, жазгы ишембилик өткөрүү жараяны Ош облусунун бардык райондорунда март-апрель айларынын ишемби күндөрү жүргүзүлмөкчү.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика