Бишкекте 15 жашар кыз асынып алды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы билдирди.
Алардын маалыматында, «Арча-Бешик» жаңы конушунда жашаган мектеп окуучусунун сөөгүн бүгүн эртең менен апасы үйүнөн тапкан.
Милиция иликтөө иштерин жүргүзүүдө.