23:58
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Мурдагы кесиптешин балкалап өлтүргөн жаран кармалды

Кара-Суу райондук ИИБ кызматкерлери тарабынан мурдагы кесиптешин балкалап өлтүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн 1964-жылы туулган Н.Х. аттуу тургуну белгисиз адамдар тарабынан өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Маркумдун жансыз денеси 25-февраль күнү болжол менен саат 16:30 чамасында үйүнүн бөлмөсүндө табылган. Үйдүн жанынан далил буюм катары кандын тактары бар балка чыккан.

Маркумдун денесиндеги жаракаттарды аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Оор жана өзгөчө оор кылмыштын бетин ачуу максатында ИИБ кызматкерлери ыкчам иликтөө иш чараларды жүргүзүшкөн. Алынган маалыматка ылайык, маркум менен Россия Федерациясында бирге иштеп жүргөн Кара-Суу районунун 1994-жылы туулган Х. уулу Б. аттуу тургуну изин жашырып жүргөн жеринен, кылмышка шектүү катары кармалган.

Шектүү өз көрсөтмөсүндө А. жана У. аттуу достору менен 25-февралга караган түнү маркумдун үйүнө киришип, уктап жаткан Н.Х. аттуу жабырлануучуну 3-4 жолу балка менен уруп, папкада сакталып турган документтерди жана акчаны алып үйдөн чыккан соң, издерин жашырып качып кетишкендигин айткан.

Ошондой эле, кармалган жарандын жогоруда аталган досторунун бири Ош шаарындагы чайханалардын биринде иштеп жаткан жеринен кармалган. Андан соң, Кара-Суу районунун 1993-жылы туулган Б.у.У. аттуу тургуну Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан Ош шаарына карай келе жатканда шаардын кире беришиндеги тосмо пунктунан колго түшүрүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар