22:50
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Спортчуларга үй! Парламент депутаттары өкмөттөн бул маселени чечүүнү суранат

Парламент депутаттары эл аралык мелдештерде Кыргызстандын желегин желбиреткен спортсмендерди турак жай менен камсыз кылуу маселесин кайрадан көтөрүп чыгышты. Бул боюнча бүгүнкү отурумда айтылды.

Бишкек шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын жыйынтыгы менен шыктанган эл өкүлдөрү спортчуларга үй сурап өкмөткө кайрылды.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат Тазабек Икрамов,кечээ Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов алтын медалды багындыргандыгын эске салып кетти.

«Ал буга чейин дагы Азия чемпиону болгон. Мурун мындай спорт чеберлери мамлекет тарабынан акчалай сыйлык менен сыйланып, батирлер берилчү. Бул маселени быйыл дагы карап чыгууңузду суранам», — деди ал. Ага депутат Камчыбек Жолдошбаев дагы кошулду.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды. Акжол Махмудов

Эскерте кетсек, Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Акжол Махмудов биринчи орунду багындырган. 72 килограмм салмактагы Акжол

Махмудов алтын байге үчүн казакстандык Демеу Жадраев менен таймашып, аны 8:6 эсебинде жеңип алган. Махмудов алгач иорданиялык Ахмед Махмудду 12:2, жарым финалда индиялык Кулдееп Маликти 8:0 эсебинде жеңди. Жарым финалда жапониялык Томохиро Иноуени 7:0 эсебинде утуп, финалга чыккан.

Ага чейин Жоламан Шаршенбеков күмүшгө ээ болду. Ал финалда Жапониядан келген балбан Шота Танокура менен күч сынашып, жеңилип калды.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды. Жоламан Шаршенбеков

Эң көп окулган жаңылыктар