17:24
USD 87.45
EUR 102.42
RUB 1.19

Жапаров менен Мирзиёев эки өлкөнүн союздаштыгын чыңдоо маселелерин талкуулашты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда Казакстандын Түркстан шаарына болгон иш сапарынын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы

Тараптар ынак коңшулаштык, өз ара сый жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген кыргыз-өзбек мамилелеринин жогорку деңгээлдеги саясий диалогун жана динамикалуу өнүгүүсүн канааттануу менен белгилешти.

Соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-логистикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы

Эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоого, көп пландуу өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө жана региондо туруктуу өнүгүүнү, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында биргелешкен аракеттерди координациялоого даяр экендиктерин ырасташты.

Эң көп окулган жаңылыктар