15:06
USD 87.45
EUR 102.42
RUB 1.19

Өлкөдө «Акыркы коңгуроо» 29-майда кагылат, 2-июндан тарта экзамендер башталат

Кыргызстандын жалпы билим берүү мектептеринде акыркы коңгуроо 29-майда кагылат. Бул өзгөртүү март айындагы жазгы каникулдун узартылышына байланыштуу болууда.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, салтанаттуу иш-чаралар эртең мененки саат 9:00дө башталат. Бул буйрук бардык мектептер үчүн бирдей жүргүзүлөт.

Акча чогултууга, ошондой эле кафе-ресторандарда бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө жана жаратылышка чыгууга катуу тыюу салынат.

 2-июндан тарта бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик аттестациясы башталып, ал 13-юнга чейин уланат.

9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн экзамендердин графиги:

  • 2-июнь — Математика;
  • 5-июнь — Эне тили жана адабияты (баяндама);
  • 9-июнь — Мамлекеттик тилден комплекстүү тест;
  • 12-июнь — Кыргызстан тарыхы.

11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн экзамендердин графиги:

  • 2-июнь — Эне тили жана адабияты (эссе);
  • 5-июнь — Математика;
  • 9-июнь — Кыргызстан тарыхы;
  • 12-июнь — Мамлекеттик тилден комплекстүү тест.

Дене тарбия нормативдерин тапшыруу 14-майдан 22-майга чейин пландаштырылган.

Эң көп окулган жаңылыктар