00:09
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Депутат Сапар Исаковдон актриса Назира Мамбетовага үй сатып берүүнү суранды

Депутат премьер-министр Сапар Исаковдон Эл артисти Назира Мамбетовага үй сатып берүүнү суранды. Бул тууралуу Ирина Карамушкина парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Ирина Карамушкина жакында актрисанын мааракесинде болуп, маданият кызматкерлеринин өкмөткө нараазычылыгын уккан.

«Мамлекет маданият ишмерлерин колдош керек. Мен өкмөт башчысынан Назира Мамбетовага батир алып берүүнү суранам», — деди ал.

Назира Мамбетова 2017-жылдын декабрь айында 70 жашка чыкты. Ал «Ак кеме», «Эрте келген турналар» жана башка бир катар кинолорго катышкан. Акыркы тасмаларынан Садык Шер-Нияздын «Курманжан Датка» тасмасындагы башкы ролун белгилөөгө болот.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума