Диетолог, эндокринолог Антон Поляков «АиФ» басылмасына берген маегинде шаурманын кайсы түрү ден соолукка эң кооптуу экенин айтып берди.
«Эң зыяндуу шаурма — бул ичинде такыр эти жок, анын ордуна сосиска сыяктуу алмаштыруучулар колдонулган шаурма. Тилекке каршы, мындай учурлар кездешет жана аны дагы шаурма деп атап коюшат. Ошондой эле жасалма соустар көп кошулган шаурма да зыяндуу», — деди Поляков.
Ал белгилегендей, идеалдуу вариантта шаурма — жөн гана нан (лепешка), жашылча салаты жана бир кесим эттен турушу керек. Мындай учурда ал «жакшы жана адекваттуу вариант» болмок.
«Ден соолукка зыян келтирбеген уй эти же тоок эти деген түшүнүк, албетте, салыштырмалуу. Бирок жалпысынан алганда, жумасына бир жолу кичинекей өлчөмдөгү шаурма жеп туруунун эч кандай зыяны жок. Ал эми күн сайын жесеңиз — бул жакшы эмес», — деп жыйынтыктады Поляков.

