02:26
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбан финалга чыкты

Бүгүн Бишкекте башталган күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков финалга чыкты. Турнир эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана аялдар арасына күрөш боюнча өтүүдө. Алгач грек-рим күрөшү боюнча 5 күч салмагындагы балбандар ортосунда таймаш жүрдү. 55 кг салмактагылар арасында күч сынашкан Жоламан Шаршенбеков 1/4 финалда Казакстандын балбаны Хорлан Жаканшты жеңип чыкты. Жарым финалда Кытайдын балбаны Лигу Чаону багындырды. Эми биринчи орун үчүн Жапониядан келген балбан Шота Танокура менен күч сынашат.

Эң көп окулган жаңылыктар