17:10
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Депутат мамлекеттик органдардын баарын шаар четине көчүрүүнү сунуштайт

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев мамлекеттик органдардын баарын шаар четине көчүрүүнү сунуштайт. Бул тууралуу ал парламенттин бүгүнкү отурумунда билдирди.

Депутаттын айтымында,көптөгөн мамлекеттик органдар ири имараттарды ээлеп, шаардын ар кайсы жеринде жайгашкан. Тыгындар да ошондон пайда болууда.

«Менимче, алардын имараттарын сатуу менен, шаардын чет-жакасына жаӊы имарат куруп, мамлекеттик органды ошол жерге топтоо зарыл. Жаӊы имаратты сатылган имараттардын эсебинен эле курса болот. Ошондо автотыгындар азайып, аба тазармак», — дейт эл өкүлү.

Эң көп окулган жаңылыктар