23:17
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Ракка кабылган Кыргызстан жараны Москвада иш ордунан көз жумду

Москвада каза болгон 49 жаштагы Кыргызстан жараны Галдыбай Мурзахматовдун туугандары маркумдун сөөгүн мекенине алып келүү үчүн жардамга муктаж. Бул тууралуу Москвадагы кыргыз диаспорасынын активистти Жылдыз Осмонова билдирди.

Маалыматка ылайык, Мурзахматов башка бирөөнүн документи менен Москвада 6 жылдан ашык жүк ташып иштеген. 23-февралда ал каптарга салынган кумшекерди жүктөп жатып өзүн жаман сезип кеткен. Арадан көп убакыт өтпөй жумуш ордунда көз жумган.

Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык жаран мээ рагына кабылган, анын ар дайым башы ооручу. Бирок айыккыз дартка кабылганын билген эмес. Башы ооруган учурда цитрамон ичип койчу.

Кыргызстанда маркумдун жесири 3 баласы менен калган. Уулунун сөөгүн Кыргызстанга алып келүүгө жашы өтүп калган ата-энесинин каражаты жетишсиз. Учурда жердештери көмөк көрсөтүү үчүн каражат чогултууда.

Жардам берүүнү каалагандар болсо төмөнкү номер аркылуу акча которсо болот: 4276 8400 6619 8621.

Эң көп окулган жаңылыктар