Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга Д.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда өзүн коомдук бирикмелердин биринин мүчөсү катары тааныштырган белгисиз жаранга карата чара көрүүнү суранган. Шектүү турак жайды кайтарып берүүгө юридикалык жардам көрсөтөм деген шылтоо менен жалпысынан 360 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө 1959-жылы туулган П.У. аттуу шектүү кармалды. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

