Президент Садыр Жапаров Улан Маматкановду Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу кылып дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын администрациясынан билдирди.
Жаңы дайындоого ылайык, Улан Маматканов мамлекеттик саясатты ишке ашырууга, тармактар аралык координацияны камсыздоого жана Министрлер Кабинетинин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган милдеттерди аткарат.
Эми Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Маматканов Улан Эркиновичтин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.
Улан Маматканов 1982-жылы Ош облусунун, Кара-Суу районунун, Мады айыл аймагында туулган. Бир канча жылдан бери мамлекеттик кызматтарда эмгектенип келет.

