20:21
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

Кыргыз-тажик чек арасындагы ахыбалды жөнгө сала албаган Лейлек акими сөгүш алды

Кыргыз-тажик чек арасындагы ахыбалды учурунда жөнгө сала албагандыгы үчүн Баткен облусунун Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратовго сөгүш жарыяланды.

Өкмөттүн маалыматында, вице-премьер-министр Дайыр Кенекеевдин сунушу менен Баймурат Бекмуратов чатактын алдын-алуу үчүн чара көрө албагандыгы белгиленди.

Эскерте кетсек, 8-февралда Лейлек районунун Кулунду айыл аймагында тажик чек арачылары менен жергиликтүү тургундар ортосунда келишпестик пайда болгон. Тажик чек арачылары Сай айылында орнотулган көпүрөөнү алып салууну талап кылышкан. Ал арада Тажикстан бул аймактагы эки чек ара өткөрүү бекетин жапкан.

Эң көп окулган жаңылыктар