Кыргызстанда кош бойлуу жана төрөткө жөлөкпулдун орточо көлөмү 7,8 миң сом. Бул боюнча Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин бүгүнкү коллегиясында айтылды.
Аны 2017-жылы 43,6 миң киши алды. Ал эми жаназа берилүүчү акча орточо 3 миң 565 сомго барабар. Аны өткөн жылы 3,2 миң киши алды.