13:26
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Депутат Кытайдан келген азык-түлүктү дыкат текшерүүнү сунуштады

Кытайда келген товарларды катуу көзөмөлдүү зарылдыгына парламенттин бүгүнкү отурумунда депутат Аида Исмалиова токтолду.

Анын айтымында, Кыргызстан Кытайдан каздын этин ташууга тыюу салган. Бирок, андан башка экспорттолгон товарлар дагы кооптоону жаратат.

"Каздын этинен тышкары, жумуртка жана күрүч дагы алып келип жатышат. Аларды даярдоодо химиялык заттар колдонурары белгилүү. Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугу боюнча программасынын негизги өзөгү — бул тамак-аштын сапарын көзөмөлдөө. Четтен келген товарлардын сапаты текшерилип жатабы?2 -дейт Аида Исмалива.

Депутат дүйнө көңүл бөлүп жаткан органикалык айыл-чарбаны өнүктүрүүнү сунуштады.

Эң көп окулган жаңылыктар