USD87.45EUR98.34RUB1.04
24.kg

Күн сайын 175 миңден ашуун бала интернетке кошулат

13:28, 06 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

Күн сайын 175 миңден ашуун бала биринчи жолу Интернет мейкиндигине кошулат. Бул тууралуу БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) өз иликтөөсүнө таянып билдирет.

Алардын маалыматында, ар бир жарым секундада бир бала Интернетке кирип, түрдүү мүмкүнчүлүктөргө, виртуалдык жеткиликтүүлүккө ээ болгондон тышкары ар кандай коркунучтарга да кабылат. Уюм интернетке биринчи жолу кошулган бала коркунучтуу сайттарга кирип кетиши жана жеке маалыматын туура эмес учурларда колдонуп алышы мүмкүндүгүн белгилейт.

«Күн сайын миңдеген балдар Интернетке биринчи жолу киришет — виртуалдык мейкиндик аларга аягы көрүнбөгөн тобокелдиктердин жана биз баалай албаган коркунучтардын агымын кошо ачууда», — деп белгиледи ЮНИСЕФтин маалыматтар жана изилдөөлөр бөлүмүнүн директору Лоуренс Ченди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18