11:26
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жалал-Абадда чакан ишканалар жалпы өндүрүлгөн товарлардын 20 пайызын чыгарышты

Жалал-Абад шаарында кичи жана орто бизнес чөйрөсү улам өнүгүп, азыркы тапта бул чөйрөгө таандык ишканалар менен ишкерлердин өндүргөн продукциясынын жалпы көлөмү шаарда өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмүнүн 20,9 пайызына туура келет. Бул тууралуу мэриянын экономикалык өнүгүү бөлүмүнөн билдиришти.

Алынган маалыматка караганда 2017-жылда шаар боюнча кичи жана орто бизнес чөйрөсүндөгү ишканалар, жеке ишкерлер тарабынан 564,9 миллион сомдук продукция өндүрүлүп, өсүү темпи 2016-жылга карата 257,1 пайызга жетти.

Ал эми жеке ишкерлер тарабынан өндүрүлгөн продукциянын көлөмү да жыл санап өсүүдө. Мисалы, 2017-жылдын ичинде жеке ишкерлер тарабынан 76,7 миллион сомдук продукция өндүрүлүп, өсүү темпи 169 пайызды түзгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар