02:03
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Лола Каримова-Тилляева ЮНЕСКОдогу элчилик кызматтан кетти

Өзбекстандын биринчи президентинин кызы Лола Каримова-Тилляева өлкөнүн ЮНЕСКОдогу элчиси кызматынан кетүүдө. Бул тууралуу ал 2-февралда Фейсбукка жазды.

Лола Каримова-Тилляева Өзбекстандын ЮНЕСКОдогу элчиси катары бүгүн акыркы жолу иштеп жатканын билдирген.

«2008-жылы Туруктуу өкүлчүлүк иштеп баштагандан бери Нооруз майрамы, Фергана өрөөнүндөгү «Катта ашула» элдик ырлары, өзбек палосу, Байсун маданий мейкиндиги, классикалык Шамшак музыкалык салттары, «Аския» оозеки элдик өнөрү ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилди. 2016-жылы Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан аймактарын камтыган дүйнөдөгү эң ири тоо системасы — Батыш Тянь-Шань Дүйнөлүк Мурастар Тизмесине киргизилди. Былтыр декабрда атлас менен адрас ЮНЕСКОну алдынкы тажрыйбалар тизмесине илинди», -деп жазды ал.

Лола Каримова-Тилляева" Сен жалгыз эмессиң" балдар фондунда гуманитардык ишин улантуу ниетинде. Ал француз адистери менен кызматташып, оор жүрөк илдетине кабылган наристелерге операция жасатуу программасын ишке ашырат.

Каримовдун кенже кызы ЮНЕСКОдон кете турганын биринчи жолу былтыр августта жарыялаган. 39 жаштагы Лола Каримова-Тилляева убактысынын көбүн Ислам Каримов фондундагы иштер үчүн жумшай турганын айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби