02:02
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жалал-Абад облусунда мектеп мугалимин өлтүрүп кетишти

Жалал-Абад облусунда мектеп мугалимин өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу Ички иштер башкармалыгы маалымдайт.

Сузак районунун Ленин райондук айылдык округунда жашаган 1966-жылы туулган А.Б. 28-январь күнү үйүндө өлүгү табылган. Жергиликтүү мектепте иштеген мугалим үйдө жалгыз жашачу экен. Анын эки баласы четте миграцияда.

Анын өлүмүнө шектелип, 1965-жылы туулган Б.Р. аттуу жергиликтүү жаран кармалды.

 
Эң көп окулган жаңылыктар