14:35
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

ЖЭБтеги кырсыктан кийин энергокомпаниялардын орун басарлары жумуштан алынат

«Бишкек жылуулук электр борборундагы» кырсыктан кийин бир катар энергокомпаниялардын жетекчилеринин орун басарлары жумуштан алынышы күтүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлайт.

Кечээж премьер-министр Сапар Исаков «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коомуна «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун башкы директорунун биринчи орун басары Бердибек Боркоевдин жана Бишкек шаарынын ЖЭБинин директору Өмүркул уулу Нурландын ээлеген кызматтарына дал келүүсү боюнча маселени карап чыгуусун сунуштады.

Мындан тышкары, Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирүү боюнча ыкчам штабдын демилгеси боюнча, 26-январдан тарта Бишкек шаарынын керектөөчүлөрүнө жылуулук энергиясынын берилишинин үзгүлтүккө учурашынын себептерин аныктоо боюнча ведомство аралык комиссия түзүлөт. Ага Жогорку Кеңешинин депутаттары, тийиштүү мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, энергетика тармагындагы адистер жана көзкарандысыз эксперт кирет.

Премьер-министр белгилегендей, аталган кадам биринчи кезектеги чечим болуп саналат. Өз милдеттерине шалаакы мамиле кылуусунун натыйжасында Бишкек шаардык ЖЭБ ишиндеги бузулуулар орун алгандыгына күнөөлүү жактарды жазалоо боюнча кийинки аракеттер ведомство аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча кабыл алынат.

Эң көп окулган жаңылыктар