07:34
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Россиядан келе жаткан автобус бузулуп, 17 кыргызстандык Казакстанда жолдо калды

Министрликтин билдирүүсүндө, автобустун ичиндеги 81 жүргүнчүнүн 17 кыргызстандын жарандары. Алар учурда ысык тамак менен камсыз болушту.

Окуя Павлодар облусунда болгон. Казакстандын атайын кызматтарды жолдо суукка тоңгон жүргүнчүлөрдү башка транспорт менен облустун борборуна, жылуу жерге алып келгендиги маалымдалган.

Ак-төбөдө Өзбекстандын 52 жараны менен күйүп кеткен автобустан кийин Казакстандын атайын кызматтары жолдорду тынымсыз көзөмөлгө алууда.

 
Эң көп окулган жаңылыктар