20:11
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Түрк армиясы Сириядагы бир нече кыштакты басып алды

Түрк аскерлерлери Сириядагы аскер операциясынын үчүнчү күнүндө түндүк-батыштагы бир нече калктуу аймактарды ээлеп алды. Анкара күрд отряддарын сүрүп чыгууну көздөөдө, деп жазууда түрк басылмалары.

Дүйшөмүдө Түркия куралдуу күчтөрү менен сириялык козголоңчу отряддар Африн аймагындагы бир нече калктуу конуштарда көзөмөл орноткон.

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган чабуулдан баш тартпай турганын билдирүүдө. Анын айтымында, аскер амалдары Орусия менен болгон сүйлөшүүлөрдүн негизинде ишке ашууда.

Күрттөрдүн Элдик коргонуу кошууну (күрд милициясы, YPG) Күрдистан Жумуш партиясы менен союздаш — отуз жылдан бери түрк өкмөтүнө каршы күрөшүп, автономия алууга умтулуп келет.

Күрд милициясын Кошмо Штаттар колдоп, Сириядагы «Ислам мамлекети» террордук тобуна каршы күрөштө ага жардам берип келсе, Түркия бул кошуунду террордук топ деп эсептейт.

14-январда болсо АКШ баштаган эл аралык коалиция күрттөр жетектеген кошуундарга 30 миң кишиден турган чек ара күчтөрүн түзүүгө жардам берээрин жарыялаган. Буга Түркия караманча-каршы экенин билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар