13:16
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Мамлекеттик каттоо кызматы паспортторду даярдап жетишпей жатат

Мамлекеттик каттоо кызматы биометриялык паспортторду даярдап жетишпей жатат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине мекемеден билдиришти.

Алардын айтымында, биометриялык ID-картаны алууну каалагандардын саны өтө көп болууда. Андыктан, жаңы жылга чейин тапшырган жарандар дагы ала элек.

«Күнүнө 2 миңден −6 миңге чейин арыз кабыл алынып жатат. Өтө көп жарандан кагаздар түшүп жаткандыктан, маалыматтарды текшерип, убагында паспортту бере албай жатабыз. Мурда 12 күндүн ичинде даярдасак, 7-10 күнгө артка жылып кетти», — деп билдирди Мамлекеттик каттоо кызматы.

Эң көп окулган жаңылыктар