17:12
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

«Акылдуу шаар» долбоорунан түшкөн айыптын жарымы жергиликтүү бюджетте калат

Ош шаарынын мэриясында «Акылдуу шаар» долбоорунун презентациясы болуп өттү. Бул тууралуу калаанын маалымат кызматы билдирет.

Жыйындын жүрүшүндө биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров аталган долбоордун алкагында Ош шаарында аткарыла турган жумуштар жана пландар жөнүндө айтып берди.

«Таза коом» программасынын негизинде «Акылдуу шаар» долбоору ишке ашырылмакчы. Өкмөтү тарабынан «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруу үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөн. Бүгүн, долбоорду ишке ашыруучу «Хуавей» компаниясынын өкүлдөрү долбоорду презентиция кылышты.

Ош шаарындагы көчөлөрдүн кесилишине 1,5 миңге жакын видеокөзөмөлдөөчү камералар орнотулат. Ошондой эле, жер үстүнөн жана жер астынан 90 км чубалгы тартылган. Долбоорду ишке ашыруу боюнча Ош шаарынын мэриясы «Хуавей» компаниясы менен тыгыз иш алып барат.

"Бул долбоор биздин шаарыбыз, өлкөбүз үчүн актуалдуу жана маанилүү. Ал жол коопсуздугу тармагындагы татаал абалды жөнгө салып, жалпысынан биздин жарандардын коопсуздугун күчөтөт. Жол коопсуздугуна байланышкан коррупцияны жоюу жана кылмыштардын бетин ачууда чоң жардам берет деп ишенебиз«,-деди вице-мэр Замир Аскаров.

«Хуавей» компаниясынын өкүлдөрүнүн айтымында компания 30 жылдан бери иштейт. Бул убакыт ичинде Европа, Африка өлкөлөрүндө жана Душанбе шаарында да бир нече долбоорлорду ишке ашырып, тажрыйба топтошкон.

Эң көп окулган жаңылыктар