21:19
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Самара-Шымкент жолунда автобус өрттөнүп, 52 өзбек жараны набыт болду

Казакстандын Актөбө облусундагы Самара-Шымкент автожолунда жүргүнчү ташуучу автобус өрттөнүп, 52 адам каза болду. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянып «Азаттыктын» казак кызматы жазды.

Окуя бүгүн эртең менен жергиликтүү саат боюнча 10:30дарда болгон. «Икарус» үлгүсүндөгү автобуста 57 жүргүнчү болгон. Аман калган 5 жүргүнчүнүн арасында да оор жаракат алгандар бар.

Алдын-ала маалыматтарга ылайык, мерт болгондор Өзбекстандын жарандары.

Кырсыктын себеби азырынча белгисиз. Окуя болгон жерде Казакстандын күч кызматтары, куткаруучулар, психологдор жана дарыгерлер иш алып барууда.

Эң көп окулган жаңылыктар