10:57
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Дональд Трамп Нурсултан Назарбаевди Акүйдө кабыл алуу сыймык экенин билдирди

АКШнын президентти Дональд Трамп Казакстандын башчысы Нурсултан Назарбаевди Акүйдө кабыл алуу сыймык экенин twitter баракчасына жазды.

https://twitter.com/realDonaldTrump/status/953360619834691585

Кечээ казак эл башчысынын Вашингтонго расмий сапары башталды.

Белгилей кетсек, адам укугу боюнча эл аралык уюмдар Казакстандагы сөз эркиндиги жана адам укуктары боюнча ахыбалды сындап келет. Андан тышкары, бул өлкөдө саясый атаандаштык жоктугу жана авторитардык башкаруу бекем орношкону айтылып жүрөт. Нурсултан Назарбаев 1989-жылдан бери өлкөнү башкарууда. Ал 77 жашта. Казакстандын Конституциясында президенттин жаш курагына чектөө жок. 

Кыргызстанда 70 жашка чейин гана президент болуп шайлана алат. 

Эң көп окулган жаңылыктар