00:23
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

2017-жылы социалдык тармакка бюджеттен 71 миллиард 109,3 миллион сом сарпталды

2017-жылы социалдык тармакка бюджеттен 71 миллиард 109,3 миллион сом сарпталды. Бул 2016-жылга салыштырмалуу 4 миллиард 328,7 миллион сомго көп экендигин Финансы министрлиги маалымдайт.

Алардын маалыматында, бюджеттик чыгашанын 50,9 пайызы социалдык тармакка коротулган.

Эң акча социалдык коргоого (26 миллиард 513,7 миллион сом) жана билим берүү жаатына жумшалган (25 миллиард 36,2 миллион).

Андан тышкары, 14 миллиард 998,2 миллион саламаттыкты сактоо, 4 миллиард 561,2 миллион маданият, дин жаатына бөлүнгөн.

2017-жылы бюджеттин чыгаша бөлүгү 140 миллиарддан сомдон ашты.

Эң көп окулган жаңылыктар