Май майрамдары жана «Акыркы коңгуроо» иш-чарасынын алдында КР ИИМдин ЖКККББ (ГУОБДД) бардык ата-энелерге балдарына автоунаа ачкычтарын бербөө өтүнүчү менен кайрылат.
Дал ушул майрам күндөрү балдардын жана өспүрүмдөрдүн айдоочулук күбөлүгү жана тажрыйбасы жок эле рулга отурган учурлары көп катталат. Көпчүлүк учурда ачкычтар чоңдордун чечими же кайдыгерлигинен улам балдардын колуна тийип калат. Мындай аракеттер балдардын өздөрүнүн жана жол кыймылынын башка катышуучуларынын өмүрүнө, ден соолугуна олуттуу коркунуч келтирет.
ЖКККББ ата-энелердин көңүлүн төмөнкүгө бурат: рулдагы бала — бул ар дайым чоң тобокелдик жана күтүүсүз кесепеттер. Балдардын суранычы да, майрам күндөрү аларды кубантуу каалоосу да жолдогу кооптуулукка себеп болбошу керек.
КР ИИМдин ЖКККББ ата-энелерди төмөнкүлөргө чакырат:
балдарына автоунаа ачкычтарын берүүгө катуу тыюу салууга;
балдардын убактылуу болсо да рулга отурушуна жол бербөөгө;
унаа ачкычтарын балдар жетпеген жерде сактоого.
Эсиңизде болсун: балдардын коопсуздугу ата-эненин жоопкерчилигинен башталат. Май майрамдарында жана «Акыркы коңгуроо» күндөрү балдарыңыздын өмүрүн жана ден соолугун сактаңыз.

