Маматканов Улан Эркинович мурда жүктөлгөн милдетин аткаруудан бошотулуп, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Маалымкат: Улан Маматканов 44 жашта. Ал Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады айылында туулган. 2004-жылы Ош мамлекеттик университетин «мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» адистиги боюнча аяктаган, кийинчерээк Президентке караштуу Башкаруу академиясында билим алган.
Эмгек жолун 2005-жылы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде баштаган. Вице-премьер-министрдин жардамчысы болуп иштеген, Эмгек министрлигинде жана Өкмөт аппаратында ар кандай кызматтарды аркалаган. Ар кайсы жылдары Президенттин аппаратында эксперт болуп эмгектенип, социалдык өнүктүрүү бөлүмүн жетектеген.
2021-жылдан бери Социалдык фонддун төрагасынын орун басары кызматын ээлеп келген.
Эскерте кетсек, 9-апрелде мамлекет башчысы Садыр Жапаров Эдил Байсаловду Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматына дайындоо тууралуу жарлыкка кол койгон.

