Кытайдын коргоо министри Дун Цзюнь 23-28-апрель күндөрү расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Ал ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилеринин жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу КЭРдин Коргоо министрлиги билдирди.
«КЭРдин коргоо министри Дун Цзюнь 23-28-апрель күндөрү кабыл алуучу тараптардын чакыруусу менен Россия жана Кыргызстанга келет, ошондой эле Бишкекте өтө турган ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коргоо ведомстволорунун жетекчилеринин жыйынына катышат», — деп айтылат билдирүүдө.
Ал эл аралык жана аймактык кырдаал, ошондой эле коргонуу жана коопсуздук тармагындагы кызматташуунун келечеги боюнча пикир алмашуу үчүн ШКУ өлкөлөрүнүн делегация башчылары менен жолугушууларды өткөрө тургандыгы такталды.

