14:34
USD 87.43
EUR 102.75
RUB 1.17

Соңку 30 жылда Кыргызстанда 42 миң 936 эне «Баатыр эне» ордени менен сыйланган

1996-жылдан бери 42 миң 936 эне «Баатыр эне» орденин алган. Бул тууралуу депутат Медер Чотонов бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүү жеңилдиктерин берүү жөнүндө" токтом долбоорун талкуулоо учурунда билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинен 31 миң 302 баатыр эне учурда пенсияда.

«Статусу үчүн пенсияга кошумча төлөм 1 миң сомду түзөт. Мындан тышкары, али пенсияга чыга элек 75 баатыр эне бар. Алар ай сайын 3 миң сом өлчөмүндө жөлөк пул алышат. Мындай энелерге болгон мамлекеттик колдоо ушуну менен эле бүтөт. Ошондуктан биз баатыр энелерди жана алардын балдарын колдоону каалайбыз», — деп белгиледи Медер Чотонов.

Ал белгилегендей, статистикага ылайык, акыркы жылдары өлкөдө төрөлгөн ымыркайлардын саны 20-30 миңге кыскарган.

«Өзүңүздөр билгендей, демография менен экономика түздөн-түз байланыштуу. Токтом республикадагы демографиялык кризистин алдын алууга багытталган», — деп кошумчалады Медер Чотонов.

Эң көп окулган жаңылыктар