Кыргызстанда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун берүү шарттары жеңилдейт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдарын «үй-бүлөгө көмөк» — ай сайын берилүүчү жөлөк пулу менен камтууну кеңейтүү жана аны берүүнүн даректүүлүгүн жакшыртуу максатында 2026-жылдын 10-апрелинде министрлер кабинетинин токтому кабыл алынды.
Аталган токтомго ылайык, жеңил унаанын заводдон чыккан жылын кошкондо пайдалануу мөөнөтү 20 жылдан 15 жылга азайтылып, ал эми менчигинде бир турак жайы бар аз камсыз үй-бүлөлөр жөлөк пулду ала алышат. Ал эми эки же андан көп турак жайга ээ болгон үй-бүлөлөргө бул жөлөк пул берилбейт.
Ошондой эле аз камсыз үй-бүлөлөрдүн «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулуна муктаждыгын аныктоочу кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү 1000 сомдон 1500 сомго чейин жогорулатылды.
Бул өзгөртүүлөр 2026-жылдын 1-сентябрынан тарта күчүнө кирет.
Белгилей кетсек, жаран райондук коэффициент каралган калктуу конушта жашаса, «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулу райондук коэффициентти кошуу менен төлөнөт.

