03:11
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кулов: Текебаевдин өмүрүнө коркунуч болгондуктан түрмөдө ал өзүнчө кармалууда

«Ар-Намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов № 47 абакта жаткан «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен жолугушту.

«Жалбырак ТВ» телеканалына берген маегинде ал Өмүрбек Текебаев абакта жаткандардан бөлүнүп, жалгыз олтурат. Феликс Кулов Жаза аткаруу кызматынын бул чечимин колдоорун билдирди. Анын айтымында, Өмүрбек Текебаев депутаттык кезинде уюшулган кылмыш менен айыгышкан күрөш жүргүзүп, ага каршы бир катар мыйзамдарды демилгелеген.

«Андыктан саясатчынын өмүрүнө, коопсуздугуна коркунуч болгондуктан аны өзүнчө олтургузуу чечими Өмүрбек Чиркешович менен бирге кабыл алынган. Анткени, түрмө ичинде ар кандай провокация болуп кетиши мүмкүн. Андыктан Жаза аткаруу кызматынын жетекчилигин күнөөлөгө болбойт. Ошол эле учурда биз эркиндигин чектөө дагы туура эмес экендигин түшүнөбүз», — дейт Феликс Кулов.

Феликс Куловдон мурда Өмүрбек Текебаев менен Роза Отунбаева жолугушту.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев Дүйшөн Чотонов менен бирге жемкорлук айыбы менен соттолгон. Жактоочуларынын айтымында, анын сегиз жылдык мөөнөтү мунапыстардан кийин 4,5 жылга кыскартылды. Дүйшөн Чотонов башка абакта мөөнөтүн өтөөдө. Ал эми № 47 түрмөдө дагы бир партиялашы мародерлук боюнча кесилген Райкан Төлөгөнов олтурат.

Эң көп окулган жаңылыктар