09:37
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кыздын сөөгүн сүрөткө тартып WhatsApp аркылуу тараткан милиция иштен бошотулду

Кыздын сөөгүн сүрөткө тартып WhatsApp аркылуу тараткан милиция иштен бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

Алардын маалыматында, милиция кызматкерине козголгон иш прокуратурага өткөрүлүп берилет. 

Эскерте кетсек, Биринчи май райондук сотунун кызматкери Ж.У.  иликтөө иштеринин жүргүзүү мезгилинде сүрөткө тартып, аны социалдык тармакка таркаткан. 

21-декабрь күнү ӨКМдин куткаруучулары Бишкек шаарынын Токтоналиев көчөсүндөгү батирдин эшигин ачып, ичинен 23-25 жаштагы кыздын жансыз денесин табышкан. Ал жерге милиция кызматкерлери чакырылган. 

Эң көп окулган жаңылыктар