14:29
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргызстан, Өзбекстан жана Кытай темир жол курулушун талкуулоону улантышат

Ташкентте 27-декабрда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча министрликтердин деңгээлиндеги үч тараптуу жолугушуу өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты.

25-декабрда Ташкентке кыргызстандык адистердин тобу барат.

Күн мурун транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алган. Өлкө башчы тышкы рынокко чыгууда темир жол Кыргызстан үчүн өтө маанилүү экенин белгилеп, министрге эксперттик топту жолугушууга тыкыр даярдоону тапшырган.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу 2000-жылдардын башынан бери эле демилгеленип келет.

2012-жылдагы эсеп боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн 6-6,5 миллиард доллар керектелет.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума