03:12
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Мектеп окуучулары менен студенттер Манастын нике түнүн окубайт

Кыргызстандагы мектеп жана жогорку окуу жайлардан «Манас» эпосу боюнча окуу курал кайтарылып алынды. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин «Республика-Ата-Журт» фракциясынын жыйында айтылды. 

Билим берүү министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыкановдун айтымында, китептин жаңы редакциясы басууга даярданууда.

«Илимдер академиясындагы китептин чыгышына жооптуу кишилер жазаланды» - дейт ал.

Эскерте кетсек, «Манас» эпосунун Бексултан Жакиев жазган окуу куралында Манас менен Каныкейдин нике төшөгү дагы кеңири сүрөттөлөт. Ал 2011 жана 2015-жылы басылып чыккан. Аны 2017-жылы гана Кара-Суу районундагы мектептин мугалими байкап, жарыя салган. 

Билим берүү министрлиги  менен Илимдер академиясы байкабай калгандыгын айтышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума