Кечээ Бишкек шаарынын Токтоналиев көчөсүндөгү батирде жабык эшикти ачып кирген куткарчуулар кыздын өлүгүн табышкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.
Алардын айтымында, кыз 23-25 жашта. Укук коргоо органдары анын өлүмүнүн себебин иликтеп башташты.