Сербия менен Кыргызстан ортодогу визаны жокко чыгарды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдайт.
Алардын маалыматында, кечээ тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Сербияга иш сапары учурунда эки өлкөнүн жарандары үчүн ортодогу визаны алып салуу келишимине кол койду. Ага ылайык өлкө жарандары 90 күнгө чейин визасын эки өлкөгө кирип чыга алышат.
Эскерте кетсек, Кыргызстан буга чейин 42 өлкөнүн жарандарына визасыз кирүүгө уруксат берген.