09:03
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Чет өлкөдө билим алгандардын көпчүлүгү салафизмди тутунган Сауд Арабияда окушат

Кыргызстандыктар Пакистан, Египет, Иордания, Түркия жана Сауд Арабиядан диний билим алышат. Бул тууралуу Булан институтунун Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен биргеликте даярдаган «Кыргызстандын жарандарынын чет өлкөдө диний билим алуусу» аталышындагы баяндамасында айтылат.

Анда Египеттеги диний билим абдан сапаттуу жана заманбап талаптарга жооп берери, Түркиянын медреселери дин менен светтик жашоону айкалыштыргандыгы менен өзгөчөлөрү белгиленет. Бирок, кыргызстандыктардын көпчүлүгү Сауд Арабияда билим алышат. Бул өлкөдө салафизмди тутунгандыктан кооптонуу жаратары айтылат.

Баяндамада кыргызстандыктар Иордания жана Бангладешке 3-4 айлык диний окууларга барып, айрым учурларда жашы жете элек балдарын медреселерге окууга орнотуп келишери айтылат.

Эң көп окулган жаңылыктар