21:17
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Чубак ажы Жалилов тарапташтарын митингге чыкпоого чакырды

Мурдакы муфтий Чубак ажы Жалилов тарапташтарын митингге чыкпоого чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Чубак ажы Жалилов эртең, 6-декабрга пландалган митингге тиешеси жоктугун айтып, андай чагымчылдыкка жол бербөөгө чакырды.

«Мындай маалыматты аты-жөнү белгисиз адамдар таркатып жатат. Митинг болбойт. Мени суракта узак суу бербей кармады деген маалымат дагы калп. Мага сый-урматта мамиле болуп, үй-бүлөмдүн кадыр баркына эч ким доо кетирген жок» — дейт Чубак ажы Жалилов.

Экс-муфтийдин айтымында, анын аракети Кылмыш кодексинин 153-беренесине каршы келбейт.

«Мыйзамдын тили менен экинчи аял деп айтпастан башка терминди колдонушат экен. Аны айтуу мага ыңгайсыз» — дейт ажы.

Эскерте кетсек, Чубак ажы Жалилов 2-4-декабрда Бишкек шаардык ИИБда экинчи никеси жана көп аял алууга чакырыгы боюнча сурак берди.

Эң көп окулган жаңылыктар