14:53
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Райкан Төлөгөнов менен Өмүрбек Текебаев бир түрмөдө олтурат

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Райкан Төлөгөнов жаза мөөнөтүн № 47-абакта өтөйт. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине анын жубайы Чолпон Кошоева билдирди.

Анын айтымында, Райкан Төлөгөновдун жаза өтөө ордун аныктоодо ден-соолугу боюнча өтүнүчтөр эске алынды.

«№ 47 түрмөдө эки бөлүк бар экен. Менин түшүнгөнүмө караганда, Райкан Төлөгөнов ачык бөлүгүнө которулат. Ал эми Өмүрбек Текебаев жабык бөлүгүндө олтурат. Эми аны № 1 тергөө абагынан № 47ге которушу керек» — деди Чолпон Кошоева.

Эскерте кетсек, Райкан Төлөгөнов ден-соолугуна байланыштуу Биринчи май райондук сотуна арызданып, шаардык сотко кайрылуудан баш тартты. Ал 2010-жылдын 7-апрелиндеги мародерлук иши боюнча айыпталып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Ага карата сот үч мунапыс колдонуп, жаза өтөө мөөнөтү 5 жыл үч айга кыскартылган.

Белгилей кетсек, «мародерлук» иши боюнча 2012-жылы «Ата-Мекен» партиясынын төрт депутатына айып тагылган. Райкан Төлөгөнов март айында кармалды.

Эң көп окулган жаңылыктар