07:11
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкекке дүйнөнүн алдынкы шахматчысы келди

Бишкекке дүйнөнүн алдынкы шахматчысы — Найжел Шорт келди. Ал бүгүн журналисттер менен жолукту.

Найжел Шорт 52 жашта. Ал учурунда дүйнөнүн эң жаш чебери жана гроссмейстери болгон. Легендарлуу Анатолий Карпов менен Гарри Каспаровду дагы жеңген.

17 шахматтык олимпиадага катышкан. Эл аралык шахмат федерациясынын тизмесинде алдынкы 50 оюнчунун катарына кирет.

Найжел Шорт Бишкекте 5 күн болуп, студенттер жана мектеп окуучулары менен жолугушат.

 
Эң көп окулган жаңылыктар