Саясатчы Бектур Асанов № 47 түрмө -ооруканасында операция болду. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Жаза өтөө мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Алардын маалыматында, Бектур Асановдун өтү ооруган. Операция ийгиликтүү аяктады. Азырынча саясатчыга туугандары менен жолугушууга уруксат берилген жок.
Бектур Асанов Кубанычбек Кадырбеков жана Эрнист Карыбеков менен бирге бийликти күч менен басып алуу аракети үчүн соттолду.