10:28
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Кыргызстандын окуучу Россияда орус тил боюнча олимпиадада биринчиликти алды

Кыргызстандын Ош шаарындагы «Олимп» мектеп-гимназиясынын окуучусу Айгелди Эминова Орусиянын борбор шаары Москвада өткөн эл аралык «Знатоки России и русского языка» сынагында 1-орунду багындырды.

Бул тууралуу ca-irnews маалымдайт. 

Маалыматка ылайык, 11-класстын жалаң «мыкты» деген баага татып келген окуучусу Айгелди Эминова Эл аралык сынакка Ош шаарынын атынан катышып, бир катар сыноолордон ийгиликтүү өткөн. Мындан тышкары, кызыл аттестатка сунушталып жаткан окуучу, буга чейин өткөн орус тили жана адабияты жаатындагы сынактарда да алдыда болуп, көптөгөн сыйлыктарга жетишкен.

Кошумчалай кетсек, өткөн жылкы мектеп окуучуларынын предметтик олимпиаданын регионалдык баскычында да Айгелди 10-класстардын арасында 1-орунду багындырып, республикалык баскычта да ийгилик жараткан.

Эң көп окулган жаңылыктар